Саясий серепчи Игорь Шестаков: “Депутаттар кыскартууларды өздөрүнөн баштасын”

Ош шаарында аймактарды санариптешүүгө арналган форумда мамлекет башчы сөз сүйлөп жаткан учурда аткаминерлердин уйкусурап отурган сүрөттөрү жарыяланган. Жогорку Кеңеште депутат Алтынбек Сулайманов бул маселени көтөрүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге уктаган чиновниктерди кызматтан кетирүү керектигин айтып, ал эми өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү институтун жоюуну сунуштаган.

SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн облустагы өкүлдөрүн жоюу керек деген демилге туурабы?" деген соболуна саясий серепчи Игорь Шестаков төмөнкүдөй жооп берди. Анын пикиринде, мамлекеттик башкаруу пайдалуу иштеши үчүн өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү керек.

“Депутаттар уктап жаткан чиновниктерди сынга алып жатышат, ошол эле учурда өздөрү парламенттик жыйындарга толук курамда катышпайт. 120 депутаттан 20-30у гана жыйындарга келет. Эгер кыскартуулар керек болсо, анда Жогорку Кеңештен башташ керек. Кичинекей мамлекет үчүн 120 депутат өтө көп. Айрым эсептер боюнча, бир депутат үчүн күнүнө 10 миң сомдон бюджеттен акча кетүүдө.

Ал эми өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү керек. Аймактардын жашоочулары маселелерин премьер-министрге ушул өкүлчүлүктөр аркылуу жеткире алышат. Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүндө иштеген кызматкерлердин саны көп деле эмес. Анын ордуна пайдасыз министрликтерди жана мамлекеттик мекемелерди кыскартыш керек”, - деди Шестаков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Исхак Масалиев, Кенжебек Бокоев, Айнуру Алтыбаева, экс-депутат Алишер Мамасалиевдин пикирлерин бул шилтеме менен кирип окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан