Экс-депутат Алишер Мамасалиев: “Чек ара маселелерин чечүүгө айыл өкмөттөрүнүн күчү жетпейт”

Ош шаарында аймактарды санариптешүүгө арналган форумда мамлекет башчы сөз сүйлөп жаткан учурда аткаминерлердин уйкусурап отурган сүрөттөрү жарыяланган. Жогорку Кеңеште депутат Алтынбек Сулайманов бул маселени көтөрүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге уктаган чиновниктерди кызматтан кетирүү керектигин айтып, ал эми өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү институтун жоюуну сунуштаган.

SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн облустагы өкүлдөрүн жоюу керек деген демилге туурабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев төмөнкүдөй жооп берди. Анын айтымында, өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү бир топ маанилүү функцияларды аткарат.

“Бул өкүлчүлүктөр өкмөт жүргүзүп жаткан саясатты аткарат. Пенсия, салык, чек ара, коопсуздук боюнча маселелерди көзөмөлдөйт. Ошон үчүн облустардагы өкүлчүлүктөр институту керек. Эгер аны жокко чыгарсак, ким аталган функцияларды аткарат? Райондордун ортосундагы өз ара иштешүүнү ким жөнгө салат? Мисалы, чек ара маселесин чечүүгө айыл өкмөтүнүн күчү жетпейт. Эгер облустардагы өкүлчүлүктөр институтун жоюу зарыл болсо, шашпай изилдеп, тактап чечиш керек”, - деди Мамасалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Исхак Масалиев, Кенжебек Бокоев, Айнуру Алтыбаева, саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикирлерин бул шилтеме менен кирип окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан