Ош шаарында аймактарды санариптешүүгө арналган форумда мамлекет башчы сөз сүйлөп жаткан учурда аткаминерлердин уйкусурап отурган сүрөттөрү жарыяланган. Жогорку Кеңеште депутат Алтынбек Сулайманов бул маселени көтөрүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге уктаган чиновниктерди кызматтан кетирүү керектигин айтып, ал эми өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү институтун жоюуну сунуштаган.
SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн облустагы өкүлдөрүн жоюу керек деген демилге туурабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев төмөнкүдөй жооп берди.
Анын айтымында, өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрүнүн ишиндеги кемчиликтерин анализдөө керек. “Мисалы, Баткен облусунда коңшу мамлекет менен чек ара тактала элек. Сүйлөшүүлөр облус башчыларынын деңгээлинде өтүш керек болот. Ойлоп көрсөңөр, айыл өкмөтү барып сүйлөшмөк беле? Эгер өкмөттүн өкүлдөрүнө укуктарын кеңейтүү же кемитүү керек болсо, кошуп же алып берели. Азырынча иши чала болгону далил, бир жагынан кызмат орду “ыйгарым укуктуу “ деп эсептелет, бирок ыйгарым укуктары жок”, - деди Масалиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Алмазбек Баатырбеков, Кенжебек Бокоев, экс-депутат Алишер Мамасалиев, саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикирлерин бул шилтеме менен кирип окуңуз.