Бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңештин комитети Ош облусунда ички чарбалык каналдарды тейлөөнү жакшыртуу боюнча көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жыйында республикадагы керектөөчүлөрдү сугат суу менен камсыз кылуу, сугат сууну башкаруу системине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери каралат. Баяндаманы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жасайт. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү, Сугат суу менен тейлөөнү жакшыртуу боюнча өткөрүлгөн улуттук конферецияда уюштурулган демилгелүү топтун мүчөлөрү, Базар-Коргон, Ноокен, Ноокат, Кадамжай райондорунун акимдери, Суу пайдалануучулар ассоциациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү чакырылган.