Бир апта мурун эл аралык “Чек арасыз репортёрлор” укук коргоочу уюму Сөз эркиндигинин индексин (2019 World Press Freedom Index) жарыялады. Аталган уюм бул көрсөткүчтү 2002-жылдан бери жыл сайын түзүп келет. Соңку рейтингде Кыргыз өлкөсүнүн Сөз эркиндигинин абалы 15 позицияга жакшырган. Тагыраагы 180 мамлекет бар тизмеден 83-катарды ээлеген. Ага чейин 98-орунда болчу. Отчётту түзгөндөрдүн айтымында, Кыргыз өлкөсүндө абал жакшырууда, бирок мындан да жакшыртса болот.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсү Сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча 15 тепкичке алдыга жылганын кандай баалайсыз?" деген собол салды. Бул суроого журналист Шайырбек Абдырахманов жооп берди. Айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттары менен болгон кандайдыр бир териштирүүлөрдүн азайгандыгы бул көрсөткүчтүн жогорулашына себеп болду.
“Бул жыйынтык боюнча өткөндө да айрым ЖМКлардан окудум эле. Менин оюмча мындай иликтөөлөрдү эл аралык уюмдар жөн жерден аныктабаса керек. Анын өзөгүндө коомчулуктагы сөз эркиндиги эске алынат.
Кыргыз өлкөсүнүн сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча 15 тепкичке алдыга жылганы ошол эле гезит, журнал, теле-радиолор мурункудай сотко берилбей, кандайдыр бир териштирүүлөргө тартылбай, алардын лицензиялары алынбай, кылмыш иштери ачылбай калганынан кабар берет. Бул өлкөгө оң тарабынан таасирин тийгизет деген ойдомун”, -дейт Абдрахманов.
Медиа эксперт Марс Тулегенов, Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов, журналисттер Кайыргүл Урумканова, Султан Каназаров, Кыргыз өлкөсүндөгү “Интерньюстун” өкүлчүлүгүнүн башчысы Элина Каракулованын пикирин бул топтомдон окуңуз.