Суу топтоп алгыла, эртең Бишкектин айрым конуштарында муздак суу берүү убактылуу токтотулат (тизме)

Эртең, 30-апрелде саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында муздак суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Башкара-Суу" суу алуучу жайында оңдоо иштери жүргүзүлгөндүктөн төмөнкү аймактарда суу берүү убактылуу токтотулат:
- Орок;
- Арча-Бешик;
- Ак-Ордо;
- Ак-Өргө (№40 квартал);
- Орок айыл аймагынын айылдары: Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Төмөнкү Орок, Селекция, Жаңы Селекция, Кашка-Баш, Калтар;
Мындан тышкары:
- "Арча-Бешик" конушу;
- Ж.Баатыр-Садыбакасов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси;
- №93 орто мектеби;
- №79 орто мектеби;
- №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
- №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан