Депутат: "Мыйзам долбоорун кароодо 9 кишинин башы айланып жатса, анан 120 депутат аны кантип карайт?"

"Мыйзам долбоорун кароодо 9 кишинин башы айланып жатса, 120 депутат аны кантип карайт?" деп бүгүн, 30-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында депутат Асел Кодуранова билдирди.

Комитет жыйынында "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралууда. Жыйында депутаттар ортосунда пикир-келишпестик орун алып, бири-биринин сунуштарын колдобой жатты.

"Мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат, бирок депутаттар арасында эч кандай диалог болбой жатат. Бири-бирибизди түшүнбөй жатабыз", - деди депутат.

Буга мыйзам долбоорунун баяндамачысы Абдывахап Нурбаев "биз сунуштарды бергиле деп жатабыз, бардык сунуштарды карап чыгууга даярбыз" деди.

"Бул жерде отурган тогуз кишинин башы айланып жатат. Анан 120 адам аны кантип карайт? Ар кимиси отуруп алып, ар нерсени сүйлөп жатат" деп кошумчалады Кодуранова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан