Бүгүн, 30-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору биринчи окууда талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Мыктыбек Абдылдаев кесиптештерин көңүлдөнүп иштөөгө чакырды.
"Комитеттин төрагасы комитеттин корутундусун окушу керек, бул жерде окулбай эле жөн эле өтүп кетти. Жакшылап иштейли, азыр эмне болуп жатканын түшүнбөй деле калдык, "балык башынан сасыйт" болуп.
Акыркы учурда туура айтсам деле туура эмес деп төрага чыгып кетчү болду, анан кандай болот? Башынан туура баштасак болмок. Парламент депутаттарынын же өкмөттүн демилгеси болушу керек, анан жумушчу топтор түзүлөт. Бул жерде Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнө ашыкча укуктарды алып жатат. Мыйзам долбоорун жазган депутаттар жөн эле кол коюп койдуңарбы? Мыйзам долбоорун жазууда бир эле адам жазат, бул жерде канча адам жазып жатат? Ошондо бир адам эле жазып калгандары карап турдубу же кандай? - деди Абдылдаев.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Эргешов, Н.Алимбеков, А.Кулбараков, У.Кыдыралиев, У.Самаев, У.Примов, А.Токторов, Т.Икрамов, Т.Мамытов, Т.Жоробеков, Д.Төрөкулов, А.Нурбаев, А.Исмаилова, Б.Райымкулов, А.Алтыбаева, К.Рыспаев, Т.Тиллаев, Б.Турусбеков, А.Касымалиева, И.Өмүркулов, А.Баатырбеков, М.Мавлянова, А.Алтынбеков, Ө.Бакиров, жана Ж. Турускулов.