Парламент комитетинде кворум жок мыйзам долбоорун кароо кийинки жыйынга жылдырылды

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйын кворум жок болгондуктан 20 мүнөт кечигип башталды. Комитет жыйынында баяндамачы депутат мыйзам долбоорунун баяндамасын уккандан кийин бир пикирге келе алышкан жок.

Депутат Асел Кодуранова шайлоо тууралуу 5-6 мыйзам долбоору бар экенин эске салып, регламентке ылайык, бул мыйзам долбоорун аларга бириктирүүнү сунуштады.

Буга депутат Айнуру Алтыбаева: "Убакытты жөн эле созо бербей, бул мыйзам долбоорун колдоо керек. Палатадан баары бир талкууланат. Азыр айтылган сунуштар эске алынат. Бирок мыйзам долбоорун кароону кийинки жыйынга калтыруунун кажети жок" , - деди.

Кодуранова: "Керек болсо дагы карап, сунуштар, пикирлер айтылат. Мыйзам долбоорун жөн эле өткөрө бербей, сапатын да караш керек. Азыр бул жерде 6 эле депутат отурат, кворум жок, демек, кийинки жыйынга калышы керек", - деди.

Буга комитеттин төрагасы Канат Керезбеков сунушту эске алып, мыйзам долбоорун кароону кийинки жыйынга калтырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан