Акыркы 2 жуманын ичинде өлкөдө уран маселеси эң орчундуу болууда. Жүздөгөн жарандар уран казууга каршы митингдерге чыгып, кенде ишти токтотууну талап кылып жатышат. Ошол эле учурда бул тема боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун үн катпай жатканы, өкмөттүн айткан сөздөрүндө дал келбестиктер болуп жатканы, Кызыл-Омполдо уран тымызын казылып келген деп айтылганы коомдо нааразычылыктарды күчөтүүдө.
SUPER.KG порталынын "Кыргыз жеринде уран казуу артында чоң саясат турушу мүмкүнбү?" деген соболуна экс-депутат Равшан Жээнбеков төмөнкүдөй жооп берди.
Ал уран темасы эмнеге чоң саясий маселе экенин түшүндүрдү. “Биринчиден, уран маселесин бийлик өкүлдөрүнүн бардыгы билишет. Экинчиден, Владимир Путин Кыргыз мамлекетине расмий сапары менен келгенде мамлекеттер ортосунда эки тараптуу келишимге кол коюлган. Бул боюнча Кремль да, Орусиянын президенти да билет. Ошондуктан уран бул чоң маанилүү саясий маселе деп айтсак туура болот”, - дейт Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары
Алтынбек Сулайманов,
Дастан Бекешев,
Марлен Маматалиев, саясат таануучу
Сейтек Качкынбаев, активист
Бекназар Айталиевдин пикири
төмөнкү шилтемеде.