“Уран маселесинин артында аябай чоң саясат турат” дейт саясат таануучу Сейтек Качкынбаев

Акыркы 2 жуманын ичинде өлкөдө уран маселеси эң орчундуу болууда. Жүздөгөн жарандар уран казууга каршы митингдерге чыгып, кенде ишти токтотууну талап кылып жатышат. Ошол эле учурда бул тема боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун үн катпай жатканы, өкмөттүн айткан сөздөрүндө дал келбестиктер болуп жатканы, Кызыл-Омполдо уран тымызын казылып келген деп айтылганы коомдо нааразычылыктарды күчөтүүдө.

SUPER.KG порталынын "Кыргыз жеринде уран казуу артында чоң саясат турушу мүмкүнбү?" деген соболуна саясат таануучу Сейтек Качкынбаев төмөнкүдөй жооп берди.

"Уран маселесинин артында аябай чоң саясат турганы көрүнүктүү эле болуп жатат, бирок майда-чүйдөлөрүн айта албайм. Эгер айтсам, бирөөнүн короосуна таш ыргыткандай болуп калам.

Жакында Бишкекке Владимир Путин келип кеткен. Ошондо бир нече документтерге кол коюлган, бирок эмнелерге кол коюлганы айтылган эмес. Ошолордун бири уран боюнча документ болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Буга чейин деле мурдагы президенттердин учурунда кол коюлган деп да айтылууда.

Бул маселени кантип чечиш керек? Депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз жергесинде уран казууга 50 жылга тыюу салалы деп сунушташты. Бул демилге эң оптималдуу деп эсептейм, улуттун кызыкчылыгына туура келет. Учурда өлкөдө чала өкмөт, чала парламент, чала технология болуп турганда, мүчүлүштүктөр көп болуп калышы мүмкүн. Азыр экологиялык коопсуздукту камсыздоо менен уранды өндүрүү колубуздан келбейт”, - деди Качкынбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, активист Бекназар Айталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан