“Путин өлкөгө келип кеткенден кийин уран маселеси козголуп кетти” дейт активист Бекназар Айталиев

Акыркы 2 жуманын ичинде өлкөдө уран маселеси эң орчундуу болууда. Жүздөгөн жарандар уран казууга каршы митингдерге чыгып, кенде ишти токтотууну талап кылып жатышат. Ошол эле учурда бул тема боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун үн катпай жатканы, өкмөттүн айткан сөздөрүндө дал келбестиктер болуп жатканы, Кызыл-Омполдо уран тымызын казылып келген деп айтылганы коомдо нааразычылыктарды күчөтүүдө.

SUPER.KG порталынын "Кыргыз жеринде уран казуу артында чоң саясат турушу мүмкүнбү?" деген соболуна жарандык активист Бекназар Айталиев төмөнкүдөй жооп берди.

Ал учурда уран кенинин лицензиясын талашуу болушу мүмкүн деген пикирде.

"Эл аралык саясий аренада көбүнчө эки тарап болот, батышчылдар же орусчулдар. Алар митингдерди уюштура беришет. Путин өлкөгө расмий сапары менен келип кеткенден кийин уран боюнча маселе көп козголуп кетти. Бирок менин көз карашымда, уран боюнча өлкөнүн ичинде кандайдыр бир оюндар болуп жаткан сыяктуу. Балким уран кенинин лицензиясын талашуу болушу ыктымал. Ошону менен катар эле уран боюнча "митингдин артында Атамбаев турат" деген сөздөр туура эмес жана чындыкка дал келбейт. Эл өзү чыгып жатат”, - дейт Айталиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан