Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда "Таза аба" долбоору боюнча коомдук угуу өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, коомдук угуунун алкагында Кыргыз өлкөсүнүн экологиялык абалын жакшыртуу, абанын булганышын алдын алуу, зыяндуу заттардын көлөмүн азайтуу көйгөйлөрүн камтыган бир катар сунуштар берилип, эксперттик изилдөөлөрдүн жыйынтыгы айтылды.
Ошондой эле жергиликтүү тургундар да өз пикирлери менен бөлүштү. Муну менен катар депутаттар Ош шаардык таштанды төгүлүүчү аймактын абалы менен таанышты.
Коомдук угуунун соңунда бардык айтылган сунуштар эске алынары белгиленип, бул жаатта тиешелүү иштерди жүргүзүү менен атайын мыйзамдарды кабыл алуу керектиги айтылды.