Депутат: "Жарандын соттолгону же соттолбогону тууралуу маалым катты жоюуга багытталган мыйзам долбооруна президенттик аппарат сунушун бербей жатат"

Депутат Дастан Бекешев жарандын соттолгону же соттолбогону тууралуу маалым катты жоюуга багытталган мыйзам долбооруна президенттик аппарат сунушун бербей жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"2 жыл мурун жарандын соттолгону же соттолбогону тууралуу маалым катты жоюу боюнча мыйзам долбоорун сунуштагам. Депутаттар колдоп беришип президентке кеткен. Макулдашуу комиссиясы түзүлгөн. Бир топ ар кандай маалыматтарды, сунуштарды бердик. Президенттик аппарат бүгүнкү күнгө чейин жообун же сунушун бербейт. Президент менен сүйлөшкөм, ал колдой турганын айткан. Бирок дагы деле президенттик аппарат тапшырманы аткарбай жатат. Буга эмне себеп экенин түшүнбөй жатам", - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан