“Манас”
эпосу венгер тилине которулуп бүттү, эми котормо Венгриядагы 5000ден ашуун
мектепке таркатылат. Бул тууралуу Венгрия парламентинин депутаты Ференц
Папчак бүгүн, 30-июлда Бишкекте маалымат жыйында билдирди. “Венгрияда
эпостун которулган нускасы үчүн атайын бет ачар уюштурулат. Ошондой эле 5000
нуска менен чыккан эпосту мектептерге таратабыз. “Манас” эпосу жаштарга кызыгуу
жаратат болуш керек”,- дейт Папчак. Эпосту кыргызчадан венгер тилине
этнограф-чыгыш таануучу Даут Кара Шомфаи которгон. Эске салсак, эпос Ференц Папчактын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен
венгер тилине которулган.