Бишкектеги кампадан чыккан өрт өчүрүлдү (видео

Бишкек шаарындагы кампадан чыккан ири өрт 23-июлда саат 21:24тө чектөөгө алынып, 23:49 толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрлик өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттери менен кампадагы буюмдар сакталып калганын белгиледи. Бирок тилсиз жоонун кесепетинен жалпы 700 чарчы метр жер күйгөн.

Буга чейин ӨКМ борбор калаанын Октябрь районундагы Кара-Даринская көчөсүнүн №1Б дарегинде жайгашкан кампадан өрт чыкканын маалымдаган.

23.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан