Депутат: "Уран казууга каршы митингдердин артында кайсы мамлекеттер турат деген сөздөр айтылууда"

Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев уран казууга каршы митингдердин артында кайсы мамлекеттер турат деген сөздөр айтылып жатканын билдирди.

"Уранга каршы митингдин артында кайсы мамлекеттер турат деген сөздөр айтылууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматы барбы?" - деп сурады депутат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбеков бул боюнча маалыматы жоктугун айтты.

Казакбаев уран казуу боюнча УКМКнын ою кандай экенин сурады. Мирлан Тургунбеков бул курч маселе экенин айтып, тийиштүү мекемелер чечим чыгара турганын, элдин ден соолугу маанилүү экенин белгиледи. Депутат "уран казууга каршысызбы?" деп бир канча жолу сурагандан кийин УКМКнын төрагасынын орун басары каршы экенин билдирди.

Учурда жыйында Кызыл-Омпол уран кени маселеси боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tuku
2019-05-02 14:32:49
Кайсы мамлекет артын да турбай эле. Эл каршы да е мае бул эмне дегендик. Урандан радияция чыгат экология бузулат. Элге зыян болот. Колдо орук, алма, картошка, мал сатылбай калат. Туризмдин иши бутот! Бала бакырабыз эмне болот элди ойлобузбу деп ойлонгулачы акылы кыскалар!
+1
Rifle_I
2019-05-02 14:45:08
Ой ой ой. Жок дегенде мээсин эмес , логикасын ишетип койбойбу ? Бул митингдин артынад кыргыз деген эл турат. Ошол эл Кыргыз мамлекетинин жарандары. Башым ооруй турган болду буларга. Раим атасынан келиштиби башкалары ?
+2
tuku
2019-05-02 19:21:50
Озбекстандан, Казакстандан, же Африканын кайсы бир мамлекеттен келип алып башкарып аткансып тагдырынын. Деги мен Кыргызга эмне иш кылдым же кылам элиме канткенде пайдам тиетдеп ойлонушпайбы. Бутундой эле Кыргызстан ды сатып ийгилечи, журуп отуруп ушуга барат окшойбуз. Бул журушто саясий элитабыз ушинтетго. Башка ой келбей калды
+1
Mister-X
2019-05-03 03:02:33
Мына,Руслан Казакбаев уран казууга макул экен.Бул адамдын артында кайсы мамлекет турат?Эл кырылып калса да буга баары бир экен да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан