Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айтмамат Назаров өкмөт Кызыл-Омполдогу уран кени боюнча үч ката кетиргенин белгиледи.
"Биринчиден, лицензия берүүдөн мурда жакшылап ойлонуш керек болчу. Экинчиден, жакында эле Кыргыз-Орус президенттеринин катышуусунда аталган уран кени боюнча меморандумга кол коюлду. Мында да ойлонуш керек болчу. Үчүнчүдөн, өкмөт нааразычылык митингдери башталгандан кийин гана уран кениндеги абалды иликтөө комиссиясын түздү. Мына ушундай каталардан улам өкмөткө ишенбей калган жарандар кайра-кайра нааразычылык акцияларына чыгып жатышат. Уран кенин чалгындоо үчүн лицензия мурдагы өкмөттүн тушунда берилиптир. Бирок меморандумга кол коюу менен лицензияны токтотуу силер иштеп турган учурда болуп жатпайбы. Менин оюмча, жакында өткөн митингдер азыркы өкмөткө карата атайын жасалган диверсия болду. Муну кимдер уюштуруп жатат?" - деп сурады Айтмамат Назаров.
Биринчи вице-премьер-министр Кубат Боронов уран кенин чалгындоо үчүн лицензия 2010-жылы эле берилгенин эске салды. "Биз азыр актана албайбыз. Анткени өкмөттө мурда башталган ишти улантуучулук салты болушу шарт. Эгер ал туура эмес жасалган болсо, анда аны токтотуп коюуга тийишпиз. Меморандумга өкмөт тарабынан кол коюлган эмес. Эки менчик компаниянын ортосунда кол коюлган, ага кийлигише албайбыз. Уран казуу боюнча маселе нааразычылык митингдер башталганга чейин эле өкмөттө бир нече жолу талкууланган", - дейт Боронов.