"Акча уурдадың" деп таякеси унаасына сүйрөткөн баланын апасы Орусиядан Бишкекке учуп келди

Бишкекте "акча уурдадың" деп таякеси унаасына сүйрөткөн 9 жашар баланын апасы Орусиядан келди. Бул тууралуу Балдарды коргоо лигасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, баланын апасы кечээ, 1-майда түнү келген. "Баланын апасы 3 күндөн бери уктабагандыктан азыр комментарий берүүгө даяр эмес. Ал эми баланын кубанычында чек жок. Азыркы тапта эне баласына камкордук кылуу менен алек болууда", - деп билдирет аталган лигадан.

Ал эми Акыйкатчы институту билдиргендей, баланын апасы келер замат Биринчи Май РИИБине суракка чакыртылган. Андан соң акыйкатчынын орун басары менен жолугушуу өткөргөн. Анда баланын апасы "балам ооруканадан чыгып, каникулу башталган соң өзүм менен кошо Орусияга алып кетем. Ал жакта бардык шарт түзүлгөн. Ал гана эмес, баламдын жалпы жарандык паспорту да бар", - деп билдирген.

Ошондой эле институттан баланын энесине инисине болушуп, өз баласына психологиялык кысым көрсөтпөөнү эскертишкен. Белгилүү болгондой, баланын апасы жогорку билимдүү. Орусияда чет тилден сабак берип, окуучуларга репетитор болуп эмгектенип келет.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Окуя 27-апрель күнү Алтын-Казык жаңы конушунда эртең мененки саат 8:00 чамасында орун алган. Анда таенесинин акчасын уурдады деп 9 жаштагы баланы таякеси унаасына жип менен байлап, бир нече метрге чейин сүйрөп барган. Балага мындай аёосуз мамиле кылганын көргөн кошуналары милиция кызматкерлерин чакырышкан. Кийинчерээк баланын атасы каза болуп калган жана апасы Орусияда иштеп жүргөнү аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Shaa-82
2019-05-02 15:27:55
Эхх баланын кубанганын окуп козумо жаш келди, энелер баланарды таштабагылачы сураныч кандай кырдаал болбосун, кыйналсанарда жанынарда алып жургулочу.
+15
karona12
2019-05-02 15:37:24
Россия жок болсо не кылат эленер журмоксунор да ушул жерде эле.Эми эле бала чака ата энеге карабай кеткендер кобойду.Баланарды таштап кантип журогунор чыдап журосунор? Бул кордолгон биринчи мигранттын баласы эмес.ошону коруп билип атып деле кетип атасынар.Айлап жылдап баланар сагынганы аз келгенсип бироонун козун карап жашап атышат ошол силерге керекпи?.
+5
Begimkyz.
2019-05-02 15:53:48
karona12, бир аз ойлонуп жаздынызбы? Ар ким иштесе акысын плып атат, балдарымды элден кем кылбай ичип жедирип, озумо окшоп тентибегидей кылайын деп билим алуусуна шарт тузгону аракет кылып журушот. Балдарыны таштап коюп жыргап жургон жери жок тууганым!!! Болгону баланы ишеничтуу адамга ташташ керек, баланы алып калган алам да жоопкерчиликтуу болуш шарт!
+7
Bazana
2019-05-02 17:24:09
karona12,жыргагамынан жылкычы болупмунбу деген макал бар билсең
+5
tihonkg
2019-05-03 09:51:55
karona12,эмне сага жыргаганынан кетип жатабызбы балдарыбыздын келечеги деп чонойгондо бизге окшоп кыйналбасын деп кетип жатабыз айтпаса канды кайнатасын
0
Shokoladka94
2019-05-02 15:40:19
Тайкеси адам эмес го, ошондойго кантип таштап кетти? Т
0
katerina.li
2019-05-02 15:51:49
Бардык шарты болсо мурда эле алып кетсе болмок экен
+8
rysik79
2019-05-02 16:32:01
Мындай тайке байке аке жакесинде жургон балдар жуздоп миндеп саналат кыргызстанда.
+9
Agayu
2019-05-02 17:13:02
Башка мамлекеттер жаны ачылыш жасап онугуудо биздикилер артка карап эле кетуудо .Качан биз дагы билим илим алып ачылыштарды жасап онугот экенбиз ? Тируулой жэтим болуп журушсо мигранттардын балдары келечекте кайсы билим , кайсы меерим болот .Меерим жок болуп хулиганга айланышат баары эмес албетте .Ойлонгула Кыргыз элим .Келечекте ким болосун десе Мигарант болом деген жашоодо жашап атабыз создун ачыгы !!!!
+7
Agayu
2019-05-02 17:19:11
Мактанганыбыз Жанар Акаев .Ж Акаев Раим Миллиондун жанында олтуруп коюптурго , биздин бийликтегилердин баарынын тили бир карга сыяктуу биринин козун бири чокушпайт баарибир .Элдин алдында эле шоу корсотуп коет олумуш мышык болушуп куйумуш болуп .Мен булардын политикасын билеминго .Канча коркутуу уркутуу болот , ошолордун тилин таап болптур деп бийлике келишет .Жонокой адам эч качан келе албайт бийлике пахта коюп аш таапкан заман болуп калган.
+10
Agayu
2019-05-02 17:23:47
Озбектин бир видеосу журотго ватсапта .
Досум пахта эксем тез бай боломбу жэ пахта сатсамбы десе .Досу айтат пахта коюп тизсен тез бай болосун дегендей жашоо ошондой болтат Тооба !!! Албетте бул темага такыр тиешеси жок бирок жинин келет экен да Ошол пахтанын айынан Мигрант болуп журуу.
+3
momun74
2019-05-02 21:40:56
Ии байкушум энеси келип суйунуп калыптырда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан