"Райымбек Матраимов президентке жана башкаларга "мага күчүңөр жетпейт" деп ачык көрсөттү" дейт саясий серепчи Даниел Кадырбеков

Кечээ жана бүгүн Матраимовдордун тою кызуу талкууда. Бул тойго барган бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катуу сынга алынып жатышат.

SUPER.KG порталынын "Матраимовдун тоюна депутаттар менен чиновниктердин жоон тобу барганын кандай баалайсыз?" деген соболуна саясий серепчи Даниел Кадырбеков төмөнкүдөй жооп берди.

"Биринчиден, Райым миллионду (Райымбек Матраимов) ЕАЭБ чөлкөмүндө коррупцияга шектеп, коңшу Казакстан менен Орусия бизди аткезчи деп нече жолу чек араны жапкан. Жылына 4-6 миллиард доллар силердин айыңардан казынага акча түшпөй жатат деп доомат коюшкан. Бул маселени чечпей туруп, Жогорку Кеңештин спикери баш болуп депутаттар, өкмөттөн биринчи вице-премьер барып, бир жерде отурганы бул биздин өлкөдө мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө албаган оппортунисттер (өз кызыкчылыгы үчүн кайсы бир шарттарга оңой эле ылайыкташа калган саясий ишмер - ред.) деп айтсак болот.

Экинчиден, бул тойду Райым миллиондун күчүн көрсөтүү катары бааласак болот. Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары, азыр жумушсуз, өлкөдөгү спикерден баштап биринчи вице-премьерди өзүнүн тоюна "массовка" катары тизип, өлкөнүн президентине жана башка күчтөргө "мага алыңар жетпейт" деп ачык көрсөттү. Бул "менин тегерегимде ушундай кишилер бар, мага тийишсең, артымда булар бар" дегендей кабыл алынды. Андан сырткары президенттин кайрылуусун депутаттар жана өкмөт уккан эмес го. Жээнбеков "Бизде уурулар баш көтөрө албай калыш керек" деди эле, бирок уурулар баш көтөрмөк тургай, той өткөрүп жатышат", - деди Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Алишер Мамасалиев, журналист Мирбек Айтикеев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан