"Депутаттар Матраимовдун тоюна барып, анын алдынан өтүштү" дейт журналист Мирбек Айтикеев

Кечээ жана бүгүн Матраимовдордун тою кызуу талкууда. Бул тойго барган бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катуу сынга алынып жатышат.

SUPER.KG порталынын "Матраимовдун тоюна депутаттар менен чиновниктердин жоон тобу барганын кандай баалайсыз?" деген соболуна журналист Мирбек Айтикеев төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, 2020-жылы эл кимди шайлоо керектигин ойлоно турган мезгил келди.

"Депутаттар менен чиновниктер Матраимовдун тоюна барганын "дем алыш күнү болгон, каалаган жерге барам" деп актанса болот. Кайда барышса да шайлоочулар менен жолукканга акылуу. Бирок алар коррупциянын ана башы, "Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы түздү" делген жана коомдо нааразычылык жараткан Райым Матраимовдун жеке тоюна барышты.

Экинчиден, акыркы күндөрү Ак Үй алдына аймактардан келген карапайым эл жана жарандык коом уран, жер маселелери боюнча митингге чыгышкан, бирок депутаттар аларга көңүл бурбай коюшкан.

Үчүнчүдөн, парламент жыйындарында көп учурда 10-15 депутат отурат. Ал эми той болгондо "мен" деген депутаттардын бардыгы ошол жерде жүрөт. Той десе активдүү барышат. Элдин маселеси дегенде алардын активдүүлүгүн көрбөйбүз. Депутаттар элдин көйгөйүн чечсе жакшы болмок. Матраимовдордун тоюнда бүгүнкү парламент чыныгы жүзүн жана ишке жөндөмсүз экенин көрсөттү.

Матраимовдор эбегейсиз каражатка, бийликке ээ. Алар 2020-жылдагы шайлоодо өздөрүнүн партиясын алып чыгышат же айрым партиялардын парламентке өтүшүнө чоң таасир берет деген кептер айтылып жүрөт. Балким мындан улам саясатчылардын жана депутаттардын бул тойго барганы Матраимовдордун алдынан өтүп коюу деп түшүнсө болот. Эл кимди депутаттыкка шайлаш керектигин ойлоно турган мезгил келди", - деди Айтикеев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Алишер Мамасалиев, саясий серепчи Даниел Кадырбеков, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан