Бүгүн, 3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Бул чечим коомчулуктун сот системине болгон нааразычылыгын жаратууда.
SUPER.KG порталынын "Жогорку Соттун Өмүрбек Текебаевди түрмөдө калтырганы адилеттүү болдубу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов төмөнкүдөй жооп берди.
“Бул адилетсиз чечим. Текебаевге карата туура эмес чечим чыкты. Текебаевге карата чыгарылган өкүмдүн өзгөртүүсүз калтырылганы сотторго болгон ишенбестикти күчөтөт”, - дейт Сулайманов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Чыныбай Турсунбеков, Наталья Никитенко, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, Жарандык активист Адил Турдукуловдин пикири төмөнкү шилтемеде.