Парламент комитетинде эмгек жана миграция жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун жыйынтыгы каралат

Бүгүн, 6-майда парламент комитетинде эмгек жана миграция жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун жыйынтыгы каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндаманы депутат Евгения Строкова жасайт. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде 17 маселе каралат. "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндөгү" мыйзамынын ишке ашырылышы боюнча тегерек столдун резолюциясын бекитүү жөнүндө, Улуттук жазуучулар союзунун "президенттин жана өкмөттүн иш башкармасынын алдындагы мамлекеттик имараттар департаменти" мамлекеттик ишкананын имаратында тургандыгы үчүн ижара боюнча карызын жоюу жөнүндө кайрылуусу тууралуу маселелер талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан