"Үй-бүлөнү пландаштыруу" десе айыл жергесинде "аз төрөсүн" деген жаңылыш пикир бар", - деп бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында депутат Аида Касымалиева билдирди.
"Айыл жеринде 1 жылда 2 жолу төрөгөн аялдар жана медициналык көрсөткүчтөр менен "боюнда болбошу керек" деген аялдар арасында үй-бүлөнү пландаштырууну түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндө, “силер балдар аз төрөлсүн деп жатасыңар" деген жаңылыш пикир бар. Ар бир баланын ортосунда 2-3 жыл аралык сакталсын деп көп айтып келебиз. Мындан сырткары, маалыматтын жоктугунан жашы жете элек кыздар арасында боюнан алдыруу фактылары да бар. Бул жаатта кабыл алынган мыйзам долбоор иштеп жатабы же жокпу, мониторинг жүргүзүү керек", - деди депутат.
Комитет жыйынында Кыргыз Республикасынын "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынын аткарылышына мониторинг инструментин бекитүү жөнүндө талкуу жүрүүдө.