Ош шаарында жеңил унаа жүк ташыган унаанын артына кирип кетип, бир адам каза болду. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, жол кырсыгы бүгүн, 7-май күнү саат 14:30 чамасында Ош шаарындагы Касымбеков көчөсүндө болгон.
"Тойота Камри унаасы алдында бара жаткан DAF жүк ташыган унаасын арт жагынан сүзүп, кирип кеткен. Мындан улам жеңил машинанын 50 жаштагы айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.