Жалал-Абад шаарынын Роза Азимова көчөсүндө бара жаткан жүк ташыган унаа бурулуп бара жатып арткы дөңгөлөгү менен 11 жаштагы кызды тебелеп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 10-июль күнү саат 12:00 чамасында болгон.
"Жүк ташыган унаа бурулуп жатканда жолдун четиндеги кызды арткы дөңгөлөгү менен тебелеп кеткен. Кыз окуя болгон жерден жан берген. Ал эми милиция кызматкерлери жүк ташыган унаанын айдоочусун иштеген жеринен кармап келишкен. Айдоочу алгачкы көрсөтмөсүндө кыздын арткы дөңгөлөктүн алдына кирип кеткенин көрбөгөнүн айткан. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Окуянын чоо-жайы такталууда", - деди басма сөз кызматкери.