"Жеңиш" аянтында ардагерлерге жоокер тамагы берилүүдө. Чатырда тамактангандардын арасында депутаттар, премьер-министр, мэр Суракматов да бар

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиш майрамына карата "Жеңиш" аянтында ардагерлер үчүн жоокер тамагы уюштурулган. Аскер чатырларында согушка катышкан жана тылда эмгектенген ардагерлерге тамак берилип жатат. Чатырда тамактангандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, шаар мэри Азиз Суракматов жана башка бийлик өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары бар. Өкмөт өкүлдөрү жана шаар башчысы тамактанып жаткан чатыр кайтарууга алынып, эч ким киргизилген жок.

Белгилей кетсек, бүгүн Шопоков көчөсүндө борбор калаадагы музыканттар тобу концерттик программасын сунуштап, аскердик ырларды аткарышат. Ушул эле жерде Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы менен биргеликте 2 миңдей адамга жоокерлердин тамагын берүү уюштурулган. Бул арада борбордук Абдрахманов көчөсү аркылуу "Өлбөс полк" жүрүшүнүн катышуучулары шаңдуу марш менен келе жатышат. Алардын жүрүшү жоокер тамагы берилип жаткан "Жеңиш" аянтынан токтомокчу.

Бишкектеги "Жеңиш" аянтында жоокер тамагы берилүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Agayu
2019-05-09 12:18:17
Согуштун ардагерлерине данк !!!
Калнандарына соз жок просто бан!!!
+10
Adi010891
2019-05-09 12:26:37
Согуш ардагерлерине таазим. А тиги жеп ичкичтерге эмне дээримди билбейм.
+10
elchi84
2019-05-09 12:41:18
Согуш ардагерлерге ден соолук ! А чондорго кообураак тамактан бергиле ачка калышкан окшойт.
+10
Ermekbai
2019-05-09 12:59:56
elchi84,ха ха ха
+3
kazakov1991
2019-05-09 16:05:32
Тиматинин бургерине келген .......Улонсом тоюма чакырат окшойм бекер тамак деп келе беришет экен.
+1
Tolkun555
2019-05-09 16:32:15
Кайда бекер тамак,биздин чондор ошол жерде.
+3
shankol88
2019-05-09 20:04:27
Согуш ардагерлерине данк!
Орозоңор кабыл болсун...!!!
+1
Beka1986
2019-05-10 13:58:59
Тамагына тыгылып олгур жепжутарлар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан