Бүгүн, 9-майда Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтында Жеңиш күнүнө карата уюштурулган майрамдык концерт болуп жатат.
Бүгүнкү майрамдык кечеге Орусиянын эстрада ырчысы Сергей Крылов жана "Голубые береты" тобу келишкен. Концертти шаардагы мектеп окуучуларынан турган атайын топ ачып, кече башталган.
Майрамды белгилеп жаткан шаар тургундарынын жана коноктордун маанайы көтөрүңкү.