Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан УКМКнын 9-кызматынын мурдагы бөлүм башчысы журналисттерге өзүнө жана туугандарына таандык мүлктөрүн көрсөтөт

Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан УКМКнын 9-кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Дамир Мусакеев бүгүн, 10-майда журналисттерге өзүнө жана туугандарына таандык мүлктөрүн көрсөтөт.

Буга чейин Башкы прокуратура 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алганы боюнча маалымат тараткан. Сатып алынган мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы, аталаш бир тууганына) катталганы да маалымдалган.

Кийин Мусакеев Башкы прокуратура көрсөткөндөй мүлктөрү болсо, 2016-жылга чейин үй-бүлөсү менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашабай тургандыгын айтып чыккан. "Ооба, азыр кызматтык батирде жашап жатам. Менин жеке менчик үйүм же батирим жок. Чындыгында мага, менин ата-энеме жана туугандарыма таандык мүлктөрдүн баасы 20 миллионду чапчыбайт. Биздин болгон мүлктөрүбүз 5-6 миллион сом болушу мүмкүн. Анын ичинен 500-600 миң сомдук мүлк мага тиешелүү", - деп билдирген ал өз билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
voennyi88
2019-05-10 09:07:14
СГОнун офицерлери дагы саясатташып кеттиго. Офицердик честь кайда.
0
ruslanz
2019-05-10 09:38:46
Атамбаевдин жанында жургондор баары мыйзамсыз байыган жана калп айтканды жакшы оздоштурушкон.Баары кедей болуп калышты го.
+1
BarsBaatyr
2019-05-10 09:46:11
ruslanz,калгандары деле таза эмес.
+1
ruslanz
2019-05-10 09:49:07
BarsBaatyr,Туура, бирок азыр Атамбаевдин айланасын-лар ж-до соз болуп жатпайбы.
-1
Bars88
2019-05-10 09:56:07
Биздин чондордун бардыгы итке минген кедей.Баарынын уйу жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан