ЭЛДИК КАБАР: "Түп районунда врачтар жарактуулук мөөнөтү өткөн дарыларды сатып жатышат" дейт окурман

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун жашоочусу SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө байланышып, жарактуулук мөөнөтү өткөн дарылардын сатылып жатканы тууралуу айтты.

"Талды-Суу айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген врачтар жарактуулук мөөнөтү өткөн дарыларды сатып жатышат. 11-майда 1 жаш 10 айлык балам жөтөлүп ооруганда ушуну беришти. Дары 2017-жылы чыгарылып, мөөнөтү 2018-жылдын декабрь айында бүткөн экен", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Missing-u
2019-05-12 14:47:06
Буларго саткан даарылар экен,мен кызым астматический приступ болуп басылбай Жалал абад областтык оорукананын балдар болумунун кабыл алуу болумуно тундо саат 1 жарымдарда тушуп калдык. Экстренный случай болуп атса адреналин таап кел деп турат,аптека баары жабык ачык болсо да адреналин жок,кандай учур болбосун даяр туруш керек болгон противошоковый аптекасындагы адреналин срок отуп кеткен. Райондук же аймактык оорукана болсо да мейли областтык болуп туруп жок,эмне дешти да билбейсин
0
Shekeev969798
2019-05-12 15:47:30
Текшериш керек Жоопко тартыш керек бул деген даары ууланып калса эмне болот! тем более жаш бала, картошка саткансып сатышат уят иии бетим
+1
elchi84
2019-05-13 13:31:44
Дары дармектин туруу да кобойду мамлекет козомол кылыш керек .Бир ооруга 5-6 дарынын туру бар доктур айтат муну ич аны ич деп кимисине ишениш деле кыйын болуп калды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан