Жалал-Абадда оор абалда жаткан 2 жашар кыздын ден соолугунда жылыш болгон жок. Апасы эртең Орусиядан келиши мүмкүн

Жалал-Абад облусунда оор абалда ооруканага түшкөн 2 жашар кыздын абалында өзгөрүү жок. Кайра начарлап жатканын SUPER.KG порталына облустук оорукананын балдар дарыгери Бахадыр Муратов билдирди.

Дарыгер кичинекей кыз өз алдынча дем ала албай жаткандыктан дале дем алдыруучу аппаратта жатканын белгиледи. Ал жандандыруу бөлүмүндө болгондуктан таянеси кабар алып жатканын айтты. Кыздын апасы 13-майга учакка билет алганын кошумчалады.

Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөн. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи кылмыш ишин ачкан. Кыздын абалы өтө оор деп бааланууда. Апасы Орусияда иштеп жүргөн. Ал эми кичинекей кызды апасынын өгөй энеси карап жатканы айтылган. Балдарды коргоо лигасы кыздын сабалышы боюнча эч ким жоопкерчиликке тартыла электигин айтууда. Акыйкатчы окуяны көзөмөлгө алганын билдирди.

Жалал-Абадда 2 жашар кыз катуу сабалып ооруканада
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
zhaku2017
2019-05-12 20:07:06
Эки жаштагы кыздын атасы кайда экен. Жэ атасы эчак эле "гарем" болуп учунчу аялы менен журобу. ХХХХ жакта Чубак Жалиловту, Турсунбай бакир уулуну туурайбыз деп гарем болгондор коп экен го.
-22
BekAmir
2019-05-12 21:21:31
Колун сынгыр, наристелерди кордогондорго катаал жаза керек
+16
karona12
2019-05-12 22:56:34
2жашар баласын таштап журогу чыдап иштеп жургон энесине бали.
+6
nazi25
2019-05-13 00:06:55
Байкуш кыз.Сакайып кетсе экен.Жаша балакай.
+14
momun74
2019-05-13 01:57:16
Аллахым шыпаа берсин кичинекейге
+6
Sultanim
2019-05-13 03:54:38
Жаным десе,ошончо таяк жегидей эмне кылды эле....((((((( Айбандардын күчү жеткени наристелер!
+5
binur5
2019-05-13 10:13:43
ХХХХ колу мн кылганын башы мн тартсын ХХХХ
+1
mira28
2019-05-13 12:29:05
Апасына деле кереги жок окшойт ушуга чейин барбаса.Москвага жеттим деп эле жыргап журот да.Коруп журом копчулук келин кыздар ажырашканына шылтоолоп балдарын таштап келип озун жаш кыздардай сезип журушот.Атасына кереги жок болсо эне деген оз жанынан болуп чыгарган наристенин жанынан чыкпай эле открса болбойбу.Иштеген менен деле жалгыз бой жол киресин да таба албай журсо керек.Кыргызстанда отуруп аа бечара иш жок болсо барат да дейт.А бул жактагы жургон энелерди коруп ичим сыздайт.
0
mira28
2019-05-13 12:33:27
Ар ай сайын ушундай окуялар болуп жатат.Каттуу козомолго алынбай жатат.Жер жерлерде мигранттардын баодары учун психологический центр ачса болмок.баланын ички дуйносун козомолдогон жан жок да.Бечаралар ата энесиз туну кантип уктап танды эмне менен тосуп жаттыкен.Машинага судурогон бала жонундо кабар тынчыдыго.Апасына кошуп беруу керек.Бироонун баласына репититор болуп озунукун кордука таштап эхх.Кичинекей кыз айыгып кетсин.Апасы таенеси жазалануусу керек.Болбосо коп кайталанат мындай окуя.
+1
elchi84
2019-05-13 13:27:45
Ар бир ата эне балдарын озу карашса жакшы болмок ,акча деп эле Москвага кетпей.Азыр кудага шугур эптеп жан бакса болот эки этаж уйдо лексус минбесен дагы тиричилик кылса болот.Акча тапкан менен канчалаган адамдардын турмуштары бузулуп жатат .Росиянын айынан ажырашкандар кобойдуу балдары тарбия корбой жатат ботон жерде зыноокорлук кобойду тооба кылайлы.
0
Begimay.emir1
2019-05-13 15:24:31
Кандайча таенесин камашкан жок?
+1
mamatkerim1968
2019-05-14 11:04:34
Азыр тиричиликтин айынан 6 айлык баласын таштап кетип атышпайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан