Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин комитетинде "Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана чечүү жолдору тууралуу" токтом долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы депутат Максат Сабиров жасайт. Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында 6 маселе талкууланат. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" мыйзам долбоору, "2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз өкмөтү менен Түркмөнстан өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору жана башка маселелер каралат.