КСДПнын мүчөсү: "Менин үйүмө автоматчан милиция кызматкерлери кирип, аялымды коркутушту"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү жана партиянын жаштар демилгелери боюнча комитетинин төрагасы Эрмек Окенов ага карата чагымчылдык аракеттери болуп жатканын айтты.

"Кечээ мен Ысык-Көл облусунда жүргөндө эртең менен Ак-Ордо конушундагы үйүмө милиция кызматкерлери автомат көтөрүп кирип келишти. Үйдө аялым жана кызым бар болчу. Аялыма быйыл үч операция жасалган. Ал да, кызым да абдан катуу коркуп, моралдык зыян тартышты.

Үйгө кирип келгендер мени зордуктоо боюнча айыпташты. Муну саясий иш деп баалайм, анткени мен 2007-жылдан бери КСДПнын мүчөсүмүн. Мени партиядан чыгаруу боюнча ар кандай чагымчылдык аракеттери болуп келген", - деди ал.

SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, милицияга Океновго карата эч кандай расмий арыз түшкөн эмес. "Мындан тышкары Окенов боюнча эч кандай тергөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Бул жерде чагымчылдыктын белгилери бар, бирок текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн шаардык милициянын күчтөрү тартылып, Окенов айткан фактылар тастыкталган жок", - дешти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
titanik32
2019-05-13 10:09:41
Автоматчан милициялар сакалчан деп да койбоптур окшоштуруп.
-2
Erik2018
2019-05-13 10:13:41
Баары мыйзамдын негизинде болушу керек деп ойлойм.
-1
erlan2196
2019-05-13 10:49:15
Соке террорчулукту токтотуш керек.
0
elchi84
2019-05-13 13:22:51
Ушул силердин сериалынар бутподу го.
+1
KAYRATBEK
2019-05-13 14:32:48
Саясий буйрук. Саясый куугунтук. Саясий бойок. Саясий кысым. Саясый коркутуу. Саясий кылмыш козгоду. Бул создордун баары 10000% ШЫЛТОО.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан