"Партия тизмесиндеги адамдар менен эмес, идеологиясы менен өзгөчөлөнүшү керек" деп бүгүн, 13-майда "Адилеттүүлүк үчүн" комитети уюштурган "2020: тобокелчиликтер" аттуу тегерек столдо Калича Өмүралиева билдирди.
"Шайлоочулар идеологияны колдошу зарыл. Шайлоо алдында партиялар белгилүү адамдарды тизмеге киргизип, алардын жүзүн пайдаланып, парламентке өткөндөн кийин аларды кетиргенге аракет кылып жатышат. Чолпон Жакупова, Жанар Акаев - буга мисал", - деди Өмүралиева.