Жарандык активист: "Бүгүнкү коом чөнтөккө эмес, парламентке муктаж"

"Бүгүн биздин коом чөнтөккө эмес, парламентке муктаж", - деп бүгүн, 13-майда Бишкекте "Адилеттүүлүк үчүн" комитети уюштурган "2020: тобокелчиликтер" аттуу тегерек столдо жарандык активист Мелис Аспеков айтты.

"Өткөн шайлоодо 800 миң, андан мурунку шайлоодо 500 миң, 120 миң доллар акчасын сарптаган адамдарды тааныйм. Муну жашырганда эмне, ал акчаларды өзүбүз банктар аркылуу жөнөткөнбүз. Мындай нерсе болбошу үчүн иштеген реформа керек. Азыр сунушталып жаткан реформаларда көрүнүктүү нерсе жок. Рулун, дөңгөлөгүн алмаштырганыбыз менен "Москвич" ошол бойдон эле калып жатпайбы? Кийинки парламент бүгүнкүдөй эле болот, мындан да жаман болушу мүмкүн. Бүгүнкү парламент чимкирикке айланды деп айтып жатабыз, андай болбошу үчүн кардиналдуу реформалар керек", - деди Аспеков.

Тегерек столго шайлоо маселесине тиешелүү бийлик өкүлдөрү, депутаттар, партия өкүлдөрү, эксперттер жана жарандык коом катышты. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүнү сунуш кылып жаткан демилгечи депутаттар өздөрүнүн долбоорлорун презентация жасашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан