Жогорку Кеңештин комитетинде Ысык-Көл облусундагы кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча маселени кароо кийинкиге жылдырылды

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин комитетинде Ысык-Көл облусундагы кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча токтом долбоору каралды.

Депутат Максат Сабиров белгилегендей, туризм тармагы Ысык-Көл облусун өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. "Акыркы жылдары жайкы туризм менен чектелбей, кышкы туризмди дагы кошо өнүктүрүү аракеттери жасалууда. Эгерде жайкы туристтик мезгил 3 ай менен чектелсе, кышкы туристтик мезгил 4 айга чейин созулат. Мисалы, деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан “Каракол” тоо лыжа базасы, Жыргалаң өрөөнү кышкы туризм борборуна айланып калды десек болот", - дейт Сабиров.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева токтом долбоорун аткаруу иш-чараларынын азырынча так эсеби жок экенин билдирди. Депутат Төрөбай Зулпукаров токтом долбоорунун эсеби жок экенин белгиледи. "Токтомдун алкагында аткарылчу иш-чаралардын эсеби жок болсо, аны өкмөт 2019-жылдын 1-июнуна чейин кантип аткарат? Анын эсеп-кысабы такталганча бул токтомдун долбоорун жылдыра туруу керек", - деди Зулпукаров.

Жыйынтыгында токтом долбоорун кароо кийинкиге жылдырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан