Ырчы Мирбек Атабеков апасынын үйү тонолгону тууралуу бүгүн, 13-майда SUPER.KG`ге тастыктады.
"Окуя бир апта мурун эле болгон. Биз кылмышка шектүүлөр табылып калсын деген ниетте бул тууралуу маалыматты жашырып жатканбыз. Бирок жергиликтүү сайттардын бири милициядагы булагына шилтеме берүү менен бул окуяны жазып чыкты. Бул нерсе туура эмес болуп калды. Азыркы тапта апам менен карындашыма психологиялык жактан калыбына келтирүү аракети жүрүүдө. Алар аман калганына шүгүр", - деди ырчы.
Ал эми ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төмөнкү билдирүүнү калтырды:
"Апам, карындашым жана анын балдары жашаган үйгө куралчан уурулар кирген. Жакындарымды байлап, тапанча такап, коркутуп-үркүтүү менен үйдөгү бардык акчаны жана баалуу буюмдарды алып кетишкен. Алар психологиялык жана физикалык жактан жабыркашты.
Көрсөтмө боюнча кылмыштуу уурулардын тобу жогорку даярдыкта дыкаттык менен уюшулган. Учурда кылмышкерлерди табууга күч органдары бардык иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Өзүмдүн атымдан жалпы жарандарга кайрылгым келет, мындай окуя сиздерде да болбош үчүн коопсуздукка көңүл бөлүңүздөр. Дагы жакшы апам, карындашым аман калды, кээде жоготуу болгон учурлар да болуп жатпайбы. Акча, дүнүйө табылат, бирок психологиялык жабыркоо өмүр бою көңүлдө калат.
Жашообузда биринчи жолу ушундай окуя болду. Чынында башыңа келмейинче башканын абалын сезбейт экенсиң. Ошондуктан бийлик өкүлдөрү, эл өкүлдөрү, сураныч, милиция кызматкерлеринин шартын, укуктарын элибиздин тынчтыгы үчүн күчтөңүздөр. Мисалы, Кыргыз Республикасынын жаңы күчүнө кирген мыйзамына ылайык милиция кызматкерлери кылмышкерди издөөгө бермейинче кармоого укугу жок экен", - деп жазган ырчы социалдык тармактагы баракчасына.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Милицияга 6-майга караган түнү арыз менен Д.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, күч колдонуу менен тоноп кетишкенин билдирген. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ал эми Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген аталган маалыматтарды алгач четке каккан болчу.