Бишкекте ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйү тонолду. Маалыматты SUPER.KG`ге Ички иштер органдарындагы өздүк булактар тастыктады.
Белгилүү болгондой, окуя 6-майга караган түнү болгон. Белгисиз адамдар ырчынын апасынын үйүнө кирип ири суммадагы акча каражатын жана зер буюмдарды уурдап кетишкен.
Ал эми Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, уурдалган каражаттын суммасы 60 миң долларды түзөт.
"6-май күнү Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө Д.А. аттуу жаран анын үйүнө түнкү саат 1:45 чамасында белгисиз адамдар кирип, 60 миң доллар өлчөмүндөгү акчасын жана алтындан жасалган зер буюмдарын уурдап кеткенин билдирип, арыз менен кайрылган.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам изилдөө тобу түзүлдү. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген аталган маалыматтарды четке каккан.