Бишкек шаардык сотунун төрагасы жана анын орун басарлары алмашты. Маалыматты SUPER.KG`ге шаардык соттун басма сөз кызматы тастыктады.
Белгилүү болгондой, Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп Азамат Алыбаев дайындалды. Төраганын жарандык иштер боюнча орун басарлык милдети Гүлмира Садыковага, кылмыш иштери боюнча Талант Аккозуевге жүктөлдү. Ал эми экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Болотбек Сатыбалдиев болду.
Буга чейин Бишкек шаардык сотун Ирина Воронцова жетектеп келген. Ал Ахматбек Келдибеков, Аида Салянова, Нариман Түлеев өңдүү саясатчыларга карата ачылган кылмыш иштерин кароого катышкан.