Чүй облусунда жарандык никеде жашап жүргөн мурдагы күйөөсүнүн колунан 6 жашар кызын алып, белгисиз жакка кеткен келин табылды. Маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 28 жаштагы Б.Т. Сокулук районунан табылган. Ал кызы менен кошо милиция бөлүмүнө жеткирилип, суракка алынган.
"Май айынын башында Ново-Покровка айылынын 27 жаштагы тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда жарандык никеде жашап жүргөн аялы 6 жашар кызын алып үйдөн чыгып кеткенин айткан. Ал өзүнүн жүргөн жери тууралуу маалыматты кыздын атасына кабарлабай койгон. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери жүргөн. Анын алкагында арыз ээси аялы менен жарандык никеде 7 жылдай чогуу жашашканы аныкталган. Бул арада экөө 1 кыздуу болушкан. Январь айынын соңунда алар чогуу жашабай калышкан. Ажырашуудан кийин кыз атасынын колунда тарбияланып келген. 17-апрелде кыздын апасы мурдагы күйөөсү жашаган үйгө келип, күйөөсүнүн апасына айтып коюп, кызын алып кеткен. Андан кийин ар кайсы номерлерден чалып, жолдошуна кызды алып кеткенин айтып, бирок жашаган жерин айтпай жүргөн. Мындан соң арыз ээси милицияга кайрылууга аргасыз болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп, 6 жашар кыздын документтери такталууда.