Быйыл 61 миң окуучу мектепти аяктаса, анын 1 миң 97си гана артыкчылык менен бүтүүгө талапкер

Быйыл артыкчылык аттестат алуу үчүн жалпы 1 миң 44 окуучу тесттен өттү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2018-2019-окуу жылын жалпы 11-класстан 65 миң окуучу аяктап жатат. Артыкчылык аттестат алуу үчүн 585 окуучу кыргыз тилинде, 430 окуучу орус тилинде жана 29 окуучу өзбек тилинде тест тапшырган.

"Жалаң "5" деген баага окуган окуучуларды тесттен өткөрүү алардын билим деңгээлин текшерүүгө багытталган. Артыкчылык аттестатын алам деген окуучулардын саны акыркы жылдары кескин төмөндөп кеткен. Мисалга алсак, 2011-жылы артыкчылык аттестатына талапкер болгон 1 миң окуучудан 95 окуучу гана татыктуу экенин тесттин жыйынтыгы көрсөткөн", - дейт басма сөз кызматы.

Быйыл 9-классты аяктап жаткандарга күбөлүк 21-июнда тапшырылса, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат 24-июнда берилет. Ага ылайык, бардык мектептерде окуучулардын ата-энелери жана мектептеги тийиштүү комитеттер менен аттестат тапшыруу аземин уюштуруу боюнча жыйын өткөрүү тапшырылган.

Аттестат тапшыруу күндөрү мугалимдер окуучулардын коопсуздугу үчүн бардык жоопкерчиликти өзүнө аларын басма сөз кызматы кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BarsBaatyr
2019-05-14 17:52:57
Мына, биздин билимдин деңгээли. Ошол 1044 окуучунун дагы бир канчасы акчанын же таанышынын күчү менен илешишсе керек артыкчылык аттестатка.
+1
Snejana
2019-05-15 03:50:18
Артыкчылык аттестат менен бутуу биздин балага дагы насип кылсын.
0
Mikra
2019-05-15 07:29:33
Аа эмнеге Озбек тилинен тапшырыш керек,бизге Кыргыздар учун Озбек тили маанилуу эмес керегидагы жок эле.мен тушунбой жатам.Орус тили мейли расмий тил дейли.же дагы бир чонубуз Озбек бекен.Супер мага ушул суромо жооп алып бере аласызбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан