Өлкө аймагындагы жаӊы конуштарда орнотулган электр түйүндөрүн тартипке келтирүү үчүн 2 миллиард сомго жакын каражат талап кылынат. Бул тууралуу кечээ, 14-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчысы Азамат Абдыкадыров билдирди.
Анын айтымында, жалпы жаӊы конуштарды жайына келтирүү үчүн 8 миллиард сом табуу зарыл. "Азырынча бизде мындай каражат жок. Өлкө аймагындагы жаӊы конуштарга комиссиялык инвентаризация жүргүзүү зарыл. Чындыгында эле жаӊы конуштарды электрлештирүү маселеси курч турат. Аларда көптөгөн мыйзамсыз курулуштар жүрүүдө. Эгер биз комиссиялык инвентаризация жүргүзсөк, жумшалчу каражаттын өлчөмү менен аткарылчу жумуштун көлөмү так аныкталат. Биз азыр электрлештирүү түйүндөрүн 3 топко бөлдүк. Кабыл алууга даяр түйүндөр, каражат жумшалгандан кийин кабыл алчу түйүндөр, кабыл алууга жатпай турган түйүндөр. Ал эми мыйзамсыз басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу маселесин биргелешип чечүү зарыл", - деди Азамат Абдыкадыров.