Депутат тил мыйзамынын талаптарына жооп бербеген жарнактар боюнча кандай чара көрүлүп жатканын сурады

Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов тил мыйзамынын талаптарына жооп бербеген жарнактар боюнча кандай чара көрүлүп жатканын сурады.

"Дүкөндөрдө, көчөлөрдө жарнактар кыргыз тилинде жазылышы керек. Бирок тил мыйзамынын талаптарына жооп бербеген жарнактар бар. Бул боюнча кандай чара көрүлүп жатат?" - деп сурады депутат.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия рейд жүргүзүп, эскертүүлөр бериле турганын айтты.

Жыйында алкоголдук ичимдиктердин сүрөтү түшүрүлгөн товарларды сатууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
FC-Abdish-ata
2019-05-15 14:23:39
Бул озу Кыргызбы? Шухев Сабирович)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан