Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 41 миң 286 абитуриент катталды

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 41 миң 286 абитуриент катталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда маалымат жыйында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Чынара Батракеева билдирди.

"Жалпы республикалык тестирлөө 18-майда башталып, 22-майда аяктайт. Быйыл ага 41 миң 286 абитуриент катталды, өлкө боюнча 114 тестирлөө борбору уюштурулат.

Ага катыша турган абитуриент көрсөтүлгөн убакыттан кечикпей тест борборуна келүүгө тийиш. Анын жанында тестке кирүү талону, аты-жөнүн тактоочу документ, эгер 16 жашка толо элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана окуган мектептен алынган маалым кат керектелет", - деди Батракеева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ruslan-bel-oruk
2019-05-15 14:53:33
Окуп окуп дипломду алышып Россия кетишет 90 прасенти Бизде иш жок жылыга канча деген студенттер бутушуп жатат ошолор каяакта иштешет лучше окубайле койгон жакшы окуну бутсон пара менен ишке киресин
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан