Нейрохирургиялык операциялардын 80 пайызы Кыргыз жеринде жасалат

Өлкөдө ар кандай ооруга чалдыгып, шашылыш түрдө баасы асман чапчыган операцияга муктаж болуп, каражаттын тартыштыгынан элден акча сурап кайрылгандар күн санап өсүп барат. Алардын айрымдары жергиликтүү медицинанын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кабардар болбогондуктан, чет өлкөдөн дарылануунун жолдорун издейт.

Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, чет жердеги жана биздин өлкөдөгү медициналык мүмкүнчүлүктөр дээрлик бирдей. Маселен, акыркы 20 жылда Кыргыз жергесиндеги медицинага нейрохирургиялык операциянын 20 түрү кошулду. Бул жалпы нейрохирургиялык операция түрлөрүнүн 80 пайызын түзөт. Операция борбордогу улуттук госпиталдын алдындагы нейрохирургия бөлүмүндө жасалат.

Буранбек Дюшеев

Аталган бөлүмдүн бөлүм башчысы, 38 жылдан бери ушул тармакта иштеп келе жаткан дарыгер- нейрохирург Буранбек Дюшеев бүгүнкү күнү кыргыз медицинасынын, анын ичинде нейрохирургиянын өнүгүп калганын айтат.

“Биздин өлкөдөгү медициналык абалдын деңгээли төмөн деген пессимисттик ойдон алысмын. Биздин дарыгерлер да чет өлкөлөргө барып, окуп, тиешелүү билим алып келип жатышат. Жалпысынан мурдагыга караганда алгылыктуу жылыш бар. Бүгүнкү күндө медициналык туризм өнүгүп, кыргыз жергесинде чет өлкөлүк медициналык кызматтардын жарнамалары көбөйүп кеткенин көрүп жатабыз. Ошол эле операцияларды бизден жасатса болот. Анткени акыркы 20 жылда 20дай нейрохирургиялык операциянын түрү кошулду, жалпысынан бардык нейрохирургиялык операция түрлөрүнүнүн 80 пайызын жасайбыз”, - деди ал.

Байымбет Талайбек уулу

Дагы бир нейрохирург Байымбет Талайбек уулу операциянын баасы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду: “Бул жер мамлекеттик бейтапкана болгондуктан, операциялар бекер жасалат. Болгону ар бир бейтаптын камсыздандыруу полисине жараша майда-барат чыгымдар төлөнөт”.

Борбордогу улуттук госпиталдын алдындагы нейрохирургия бөлүмү менен кененирээк төмөндөгү видеоматериал аркылуу тааныша аласыз.

Нейрохирургиялык операциялардын 80 пайызы Кыргыз жеринде жасалат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rysik79
2019-05-15 19:36:12
Операциясынын 80% ийгиликтуу болсо да жакшы болмок. Нейрохирургия операциясы бир болсоо болот же болбосо жок деп жасашат.
+4
Take_men
2019-05-15 21:29:54
Бекер жасалат...анча мынча чыгымдар төлөнөт...ммм.. билебиз анча мынча чыгымдар канча доллар экенин. Досумдун чекеси жарылып барсак мээге кан куюлуп кетиши мүмкүн деп коркутуп 100 доллар алышкан. Кийин билсек мындай эле тигип койушуптур
+2
Patio_18
2019-05-15 23:17:49
Онуккон болсо неге Казахстанга жонотуп жатышат,ал жак кучтуу, оборудование жаны деп,мисалы:Аневризмаларды жасашпайт,биз жарып алабыз деп,менин апамдыкын жасабай коюшту,Алматыга жонотушту 15000$ жасашты,2айдан кийин подружкамдын апасыныкы точно ушундай диагноз мн 10000$операция болду,бизде оборудование болсо жасашса арзаныраак тушот эле да,акчасы жоктор кантип атат.
+1
E.TARZAN
2019-05-16 17:13:36
Мамлекеттик ооурканалар качантан бери бекер болуп калган, башка мамлекеттин жазганыбы деп карасам өзүбүздүн эле кыргыз врачтар айтып атыптыр :)). Оорукананын эшигин аттагандан баштап айыгып чыкканга чейин акча го, жада калса медсестра коркутат, копельница сайбай койом чай чакасын берип кой деп. Ушул врачтар эч кимден акча сурабай эле операцияны жасай турган болсо, биринчиден сооп болот, экинчиден айыгып кеткен адам чын жүрөктөн (ошол сураган акчасынан да көп) акча төлөп бермек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан