Бишкекте "Супермен" менен "Бэтмен" троллейбустун үстүнө чыгып, көп өтпөй түшүп качып кетишти

Инстаграм социалдык тармагындагы баракчалардын бирине Супермен менен Бэтмендин кийимин кийип алган балдар Жусуп Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамада токтоп турган троллейбустун үстүнө чыгып, көп өтпөй түшүп качып кеткен видеосу жүктөлгөн.

Аталган видео пранк катары тартылганын көрүүгө болот. Балдар үстүнө чыга калган маалда өзүнүн жолун улайын деген троллейбус токтоп калган. Көптөгөн интернет колдонуучулар пранк тарткан балдардын бул ишин сынга алып, алар тамаша үчүн өзүнүн өмүрүнө гана коркунуч келтирбестен башка жарандарга да тоскоол болуп жатканын жазышкан.

Пранк - өздөрүнүн бейбаштыгын же элди катуу тамашага салганын, ар кандай социалдык эксперименттерди телефонго тартып жайылтуу болуп саналат.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда, аталган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын маалымдашты.

Троллейбустун үстүнө чыга калган Бишкектеги "баатырлар"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
katerina.li
2019-05-16 15:00:01
Ток уруп олуп калса айдоочуну камашат.мээси жок бетмендер,супермендер
+2
bond02
2019-05-16 22:29:17
katerina.li,айдоочу ичиндеги жургунчулорго гана жооп берсе керек дейм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан