Өлкөдө дагы бир уюлдук байланыш оператору ачылат

Кыргыз өлкөсүндө "Salam" деп аталган уюлдук байланыш оператору ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин, "Альфа Телеком" жана "Кыргызтелеком" компанияларынын жетекчилери менен "Альфа Телеком" жабык акционердик коому жана "КТ Мобайл" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда кызматташтыктын талаш маселелерин жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү.

"Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча "Альфа Телеком" "КТ Мобайл" менен жыштыктарды биргелешип колдонуу боюнча кызматташууну улантат. Ал "Кыргызтелекомдун" туунду компаниясы. Бул өнөктөштүктүн алкагында жакынкы айларда виртуалдык оператор түзүү долбоорун ишке киргизүү пландаштырылган. Бул үчүн "Альфа Телеком" өзүнүн техникалык базасын берип, таяныч оператору болот.

Биргелешкен ишмердүүлүктөн түшкөн кирешенин 67 пайызы "Альфа Телекомго", ал эми 33 пайызы "КТ Мобайлдын" пайдасына түшөт.

"Альфа Телеком" "КТ Мобайл" менен жыштыктарды биргелешип пайдалануу жөнүндө уюлдук операторлор арасындагы аукциондун жеңүүчүсү болгон. Талаш маселелер чечилген соң тараптар кызматташтыкты улантышты. "Альфа Телеком" Кыргыз өлкөсүнүн рыногунда "Salam" бренди менен төртүнчү уюлдук байланыш операторун бир айдын ичинде ишке киргизүү милдетин өзүнө алды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Kanat.tls
2019-05-16 17:22:07
Иштеп жаткан мамлекеттик компания МегаКомду иштете албай жатып башкасын жөн койгула.
0
kanybek1986
2019-05-16 17:26:04
Алфа телеком мамлекеттке карайбы же алда сатылып кеткенби
0
Gisi
2019-05-16 17:26:28
Салам чыксаң эле алам
+7
jigit.paren
2019-05-16 18:08:16
Салам берчи чоң кыз десең эле Саламатсызбы деп турат экен да ээ
+2
Agayu
2019-05-16 18:27:03
Салам азыр сага чалам деп калат экенбизда е
+2
Nur777
2019-05-16 19:18:58
Ачыла бергиле,кобойо бергиле!Бизге жакшы болот,конкурент коп жерде-арзанчылык дегендей..
+5
Sizge.kat
2019-05-16 19:32:50
Салам интернетин арзанбы анан
+2
elchi84
2019-05-16 20:06:41
Салам акчаны оморуп алам эмеспи анан.
+2
nazira1989
2019-05-17 00:04:14
Хаааааааа комментарийлер озунчо эле алып учат го...)))))
+1
zevs
2019-05-17 13:59:28
Megacomdu eptep albaysynarby birinchi anan bawka operator achkyla. Je biylik boluwo albay baarybyzga jetsin dep dagy bironu achyp koyolu dep jatasynarby owon keniri baaryna jetet dep.
0
elmira.
2019-05-17 14:38:26
0222 ушундай код чыгыптыргоо аа?кайсы оператор бул?
+1
Aikaaaa
2019-05-17 20:30:07
elmira.,билайндыкы болсо керек эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан