Ошто 22 жаштагы келин дайынсыз болууда

Ош облусунун Араван районунда 22 жаштагы Барчынай Моминова изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына келиндин апасы Мавлюда айым билдирди.

Анын айтымында, кызы 13-майдан бери дайынсыз.

"Кызым турмушка чыккан эле. Ошол күнү кичинекей кызын көтөрүп үйгө келиптир. Күйөөм уруп койду деп айтты. Андан соң кызын үйгө таштап өзү чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Мен милицияга дагы арыз жаздым. Баарыбыз издеп жатабыз. Кимде-ким сүрөттөгү кызымды көрүп-билген болсо, төмөндөгү номерге байланышып коюуну өтүнөм", - дейт Мавлюда айым.

Байланыш телефону: 0552 26 34 44.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
katerina.li
2019-05-16 16:15:58
Байкуш аялдар. Куйоосунон тепки жеп жашоолору отмой болушту
+10
zhaku2017
2019-05-17 14:32:08
Минтип куйосунон таяк жегендер канча журот.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан