Бириккен Араб Эмираттары Кыргыз өлкөсүнө дагы бир авиа каттам ача турган болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-июлдан баштап Бишкек жана Шаржа шаарларына жумасына 4 жолу каттам ачылат.
"Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен "Эйр-Арабия" авиакомпаниясынын ортосунда келишим түзүлгөн. Мындан улам каттам ачыла турганы белгилүү болгон", - деп билдирет басма сөз кызматы.