Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын тоо-кен казып алуу жана энергетика тармагынын учурдагы абалы жөнүндө маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жасайт. Кошумча баяндамачы катары "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасы Азамат Абдыкадыров, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Таалайбек Нурбашев чакырылган. Күн тартип боюнча жыйында бир маселе каралат.